2010

2010 (эки миң онунчу) жылтолук эмес жыл, Григорий календары боюнча жума күнү башталат. Бул биздин замандын 2010, 3-миңжылдыктын 10, XXI кылымдын 10-жылы.

Жылдар
2006 · 2007 · 2008 · 2009 2010 2011 · 2012 · 2013 · 2014
Онжылдык
1990-чу · 2000-чу2010-чу2020-чу · 2030-чу
Кылымдар
XX кылым — XXI кылым — XXII кылым
3- миң жылдык
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым — XXII кылым — XXIII кылым
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
2010-чу 2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018 2019
2020-чу 2020 2021 2022 2023 2024 2025 2026 2027 2028 2029
2030-чу 2030 2031 2032 2033 2034 2035 2036 2037 2038 2039
2040-чу 2040 2041 2042 2043 2044 2045 2046 2047 2048 2049
2050-чу 2050 2051 2052 2053 2054 2055 2056 2057 2058 2059
2060-чу 2060 2061 2062 2063 2064 2065 2066 2067 2068 2069
2070-чу 2070 2071 2072 2073 2074 2075 2076 2077 2078 2079
2080-чу 2080 2081 2082 2083 2084 2085 2086 2087 2088 2089
2090-чу 2090 2091 2092 2093 2094 2095 2096 2097 2098 2099
2100-чу 2100 2101 2102 2103 2104 2105 2106 2107 2108 2109
Хронологиялык жадыбал

Негизги окуялартүзөтүү

Январьтүзөтүү

  • 1-январь:
    • Орусия, Беларусия жана Казакстандан турган Бажы Союзу өз ишин баштаган.
    • Испания Евро биримдикте төрагалык кылган.
    • Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө накталай төлөмсүз жүргүзүлө турган — сукре валютасы кабыл алынган.
  • 3-январьБуэнос-Айрес шаарында (Аргентина) «Дакар-2010» ралли старт алган.
  • 4-январьДубайда Бурж-Халифа (араб. برج خليفة‎ — «Халифа» мунарасы) асман тиреген имараты эксплуатацияга берилген. Ал 2008-жылдын 19-майынан бери дүйнөдөгү салынган имараттардын эң бийиги деп таанылып келе жатат. Бийиктиги — 828 метр (163 кабат).
Дүйнөдөгү эң бийик имарат — Бурж Халифа
  • 10-январьХорватияда президенттик шайлоонун экинчи турунда Социал-демократиялык партиясынан Иво Йосипович жеңишке ээ болгон.
  • 12-январьГаитидеги жер титирөө.
  • 15-январь — Азыркы миңжылдыктын ичинен эң узак шакек сымал күндүн тутулуусу болгон.
  • 16-январьМозамбиктин жаңы премьер-министри болуп Айреш Али дайындалган.
  • 17-январьУкраинада президенттик шайлоонун биринчи туру болуп өтүп, жыйынтыгында экинчи турга Виктор Янукович жана Юлия Тимошенко өткөн.
  • 22-январь — Эл аралык космостук станциянын экипажы Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
  • 25-январь:
    • Ливанда «Ethiopian Airlines» эфиоптук авиакомпаниясынын Боинг 737 учагы кулап, 90 киши каза болгон.
    • Джеймс Кэмерондун «Аватар» фильми кассалык чогултууда рекорд койгон. Ал мурдагы чемпион — «Титаникти» ашып түшкөн. Кызыгы, ал фильмди да Кэмерон тарткан.
  • 31-январьЕгипеттин футбол борюнча курама командасы үчүнчү жолу катары менен Африка улуттар кубогун утуп алды.

Февральтүзөтүү

Марттүзөтүү

  • 1-мартТажикстандагы парламенттик шайлоолордо Элдик-демократиялык партиясы жеңишке жетишкен.
  • 2-мартУганда мамлекетинде болгон жер көчкүдөн улам 100дөн ашык адам каза болуп, 300дөй киши дайынсыз жоголгон.
  • 3-март — Индонезиянын Суматра аралында изилдене элек «чикунгунья» вирустук ооруга кабылгандардын саны — 17 миң 370ге жеткен.
  • 4-мартИндиянын түндүгүндө храмда тыгылышуудан улам 65 киши каза болгон.
  • 7-мартЛос-Анджелесте 82-чи «Оскар» киносыйлыгы өткөн. Кэтрин Бигелоунун «Бороондордун башкаруучусу» кинотасмасы 6 стауэтканы алып кеткен.
  • 18-март — Клэй математикалык институту Григорий Перельманга Пуанкаре гипотезасын далилдеп бергени үчүн 1 млн. суммадагы акча сыйлык берген.
  • 21-март — Эйяфьядлайёкюдль жанар тоосунун атылышы.
  • 29-март — Москва метросунда 2 террордук акт болуп, 41 адам каза болгон.

Апрельтүзөтүү

iPad планшеттик компьютеринин биринчи версиясы
Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги президенти Роза Отунбаева
  • 8-апрель — Биринчи жолу күндөн кубат алуучу учак сыноо ирээтинде учурулган.
  • 10-апрель — Орусияны Смоленск областында самолёт кулаган. Анда көптөгөн польшалык өкмөттүн өкүлдөрү, анын ичинде өлкөнүн президенти Лех Качиньский жубайы менен, Польшанын Генштабынын башчысы Франтишек Гонгор, Улуттук Банктын башчысы Славомир Скшипек ж.б. каза болушкан.
  • 14-апрельКытайда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. 2039 адам набыт болуп, 195 адам дайынсыз жоголгон. 12 315 киши жаракат алышса, 100 миңден ашууну үйү жок калган.
  • 15-апрель — качкын президент Курманбек Бакиев Казакстандын Тараз шаарына учуп келген.
  • 19-апрель — Афганистанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. 11 адам каза болуп, 70 адам жаракат алган.
  • 21-апрель — К. Бакиев Минск шаарында пресс-конференция өткөрүп, өзүн дагы деле президент деп таанырын айткан.
  • 23-апрельБагдад шаарынын (Ирак) шииттик мусулмандар жашаган кварталда терактар сериясы болгон. Жыйынтыгында 67 адам набыт болсо, дагы жүздөгөн киши жарадар болушкан.
  • 25-апрельВенгрияда парламенттик шайлоонун экинчи туру өткөн.
  • 27-апрельТүштүк Кореялык альпинист айым О Ын Сон, Аннапурна тоосуна чыгып, дүйнөдөгү эң бийик делген 14 чокуну багындырган алгачкы аял болуп калды.

Майтүзөтүү

  • 1-май — Сомалидеги Абдалл Шидейе мечитинде терродук акт болуп, 2 жардыруу аткарылган. 39 киши каза болсо, 70 жаракат алышкан.
  • 1-майдан — 31-октябрга чейин — дүйнөлүк Expo 2010 көргөзмөсү (Шанхай, Кытай).
  • 2-май — Чилиде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон.
  • 3-майТүндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ирдин 2006-жылдан бери чет өлкөлүк сапары болгон Кытай мамлекетине келген.
  • 4-майПабло Пикассонун «Жылаңач, жашыл жалбырактар жана бюст» чыгармасы («Обнажённая, зелёные листья и бюст») 106,4 млн. долларга сатылып, көркөм сүрөт өнөрүндө рекорд койгон.
  • 6-май — Интернетте биринчи жолу латын тамгаларынан турбаган домендер ишке киргизиле баштаган.
  • 8-май — Египеттик миллиардер Мухаммед аль-Файед Harrods люкс классындагы универмагын Qatar Holding аталган катарлык фондго 1,5 млрд. долларга саткан.
  • 9-май — Мурунку СССР өлкөлөрүндө жана бир катар Европа мамлекеттеринде фашисттик Германиянын аскерлерин жеңген күн - Жеңиш күнүнүн 65-жылдыгы болуп өткөн.
  • 11-май — Британиянын жаңы премьер-министри болуп Дэвид Кэмерон дайындалган.
  • 12-мая
    • Триполи шаарында (Ливия) Airbus A330 учагы кыйраган. 103 адам каза болгон жана жалгыз тирүү калган жүргүнчү — сегиз жаштагы Нидерланддык бала болуп калган.
    • Германиянын Гамбург шаарында биринчи жолу [[УЕФА|УЕФАнын] Европа Лигасы өткөн, анда Испаниянын Атлетико Мадрид клубу жеңишке жеткен.
  • 14-майТаиланддагы массалык баш аламандык учурунда 10 киши каза тапса, 125 адамдан кем эмес жаракат алышкан.
  • 15-май — 16 жаштагы австралиялык Джессика Уотсон яхта менен жалгыз жер жүзүнө болгон саякатын аяктаган. Ал Жер жүзүн айланып чыккандардын ичинен эң жашы болуп калды.
  • 16-май — Японияда I-Fairy аттуу робот официалдуу түрдө биринчи жолу үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөргөн.
  • 22-май:
  • Индиянын Мангалоре шаарында Boeing 737 учагы кыйрап, 158 адам каза болуп, 8 киши аман калышкан. Бирок бирөөсү алган жараатынан улам, ооруканага бараткан жерде жан берген.
  • Француздук Гвианада жайгашкан Куру космодромунда Arianespace аталышындагы европалык концерн өзүнүн Ариан-5 ракетасын учурган.
  • Астроном Николай Коперниктин калдыктарын Фромборктун (Польша) кафедралдык чиркөөсүнө кайра көмүшкөн.
  • Мадридде (Испания) УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы болуп, ал беделдүү турнирди миландык Интер клубу жеңген.
  • 25-май — Британияда биринчи жолу адамдын денесине орнотулган электрондук чипке вирус кирген.
  • 26-май — Apple компаниясы дүйнөдө эң ири IT-компания болуп, жакынкы каршылашы Microsoft компаниясын артта калтырган.
  • 27-май — Латын Америкасында эки ири вулкан атыла баштаган : Гватемаладагы Пакайя жана Эквадордогу Тунгурауа жанар тоолору.
  • 28-май:
  • Индияда поезд кулап кетип, 100 киши каза болгон.
  • Пакистандын Лахоре аймагындагы эки мечитти боевиктер басып алышып, 80ден ашык адам өлтүрүлгөн жана 100дөн ашык киши жаракат алышкан.
  • 29-майОсло шаарында (Норвегия) Еврокөрүнүү 2010 сынагынын финалы болуп, «Satellite» ыры менен Германиянын ырчысы Лена Майер-Ландрут уткан.
  • 30-майКолумбияда президенттикке шайлоолор болуп өткөн. Ат салышкандардын ичинен эң көп добушту Хуан Мануэль Сантос алып, жеңишке жетишкен.

Июньтүзөтүү

  • 1-июньНикарагуа өкмөтү Израиль менен дипломатиялык байланыштарды үзгөн.
  • 2-июнь — Британиянын Камбрия графствосунда 52 жаштагы таксист элдерге ок атып, 12 кишини өлтүргөн жана 25 адамды жарадар кылган.
  • 5-июнь — НАСА адистеринин айтымында, америкалык автоматтык планета аралык Кассини станциясы Сатурн планетасынын спутниги болгон Титанда жашоо белгилерин тапкан.
  • 7-июнь — Apple компаниясын өзүнүн жаңы iPhone 4 продуктусун жарыкка чыгарган.
  • 10-июнь — Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош окуялары башталган.
  • 11-июндан11 июлга чейин — 2010-жылкы футбол боюнча Дүйнө Чемпионаты Түштүк Африка Республикасында өткөн.
  • 13-июнь — Хаябуса аталышындагы япон космостук аппарат Итокава астероиддинин топурагынан Жерге алып келген.
  • 1517-июнь күндөрү — эл аралык Electronic Entertainment Expo көргөзмөсү (Лос-Анжелес, АКШ).
  • 19-июньПакистандын Түндүк Вазиристан аймагында америкалык учкучу жок учактын (беспилотник) айынан 13 адам каза тапкан.
  • 2123-июнь күндөрү — робот-андроиддер арасында биринчи Олимпиадалык оюндар 2010 (Харбин, Кытайтай).
  • 23-июнь:
    • Испаниянада ылдам жүрүүчү поезд темир жолдон өтүп бара жаткан адамдарды тебелеп кеткен, натыйжада 12 адам каза болгон.
    • АКШнын Мамлекеттик Департаменти чечен боевиктеринин лидери - Доку Умаровду эл аралык террористтердин тизмесине киргизген.
  • 30-июнь — кезексиз шайлоонун жыйынтыгы менен Германиянын жаңы президенти болуп Кристиан Вульф шайланган.

Июльтүзөтүү

  • 1-июль:
  • Бажы союзунун ичинде атайын иштелип чыккан «Бажы кодекси» ишке киргизилген.
  • Бельгия Евро Биримдигинде төагалык кылган.
  • 2-июль — Кыргызстандын жаңы кабыл алган Конституциясы күчүнө кирген.
  • 3-июль — Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги президенти Роза Отунбаева Президенттик кызматка официалдуу турдө киришкен. Отунбаева бүтүндөн КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи айым президент болуп калды.
  • 4-июль — Польшада болуп өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Бронислав Коморовский жеңип чыккан.
  • 8-июль — Швейцарияда күн кубатына иштөөчү батареялардан (күн батареясы) турган Solar Impulse учагы 24-сааттык тесттик режимде учуусун ийгиликтүү жыйынтыктаган.
  • 11-июль:
    • Түштүк Африка Республикасында (ТАР) футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат жыйынтыкталды. Испан курама командасы чемпион болду.
    • Толук күндүн тутулуусу болгон. Бул жаратылыш кубулушун Француздук Полинезияда, Пасха аралында, Тынч Океанынын акваториясында, жана дагы Чили, Аргентинанын түштүгүндө көрүүгө мүмкундүк түзүлгөн.
2010-жылдын 11-июль күнү болгон күндүн тутулушу
  • 14-июль — Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлгөн.
  • 15-июль — Аргентина Түштүк Америкада бир жыныстуу түгөйлөрдү үйлөндүрүүгө макулдугун берген биринчи өлкө болуп калды.
  • 22-июль — Гаагадагы БУУнун эл аралык соту косово Республикасынын Сербиядан эгемендүүлүк алганын мыйзамдуу деп чечкен. М
  • 25-июль — АКШ менен Түштүк Корея Япон деңизинде Түндүк Кореянын жооп кайтаруу коркунучуна карабай ири аскердик машыгууларын башташкан.
  • 26-июль — Wikileaks Афганистандагы 92.000 жашыруун аскердик операциялар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарган.
  • 28-июль — Каталониянын (Испания) парламенти коррида оюнун 2012-жылдын 1-январынан баштап тыюу салганын билдирген.
  • 29-июль — Малави желегинин жаңы версиясы кабыл алынган.
  • 31-июль — Пакистандын тарыхындагы эң ири суу каптоодон каза болгондордун саны 1100 адамга жеткен.

Августтүзөтүү

  • 2-август — Кытайлык Geely холдинги Volvо швед автоконцернин сатып алуу тууралуу келишимдерди аягына чыгарган.
  • 4-август — Карачи шаарында (Пакистан) оппозиция лидери Раза Хайдердин өлтүрүшүнөн кийин чыккан башаламандыктан 62 адам каза болсо, 200дөйу жаракат алган.
  • 6-7-август — планеталар парады.
  • 9-августРуанда мамлекетинде президенттик шайлоолор болуп өткөн. Жеңишке 93 % менен мурдагы президент, Поль Кагаме жеткен.
  • 10-август — Кыргызстандын мурунку премьер-министри Игорь Чудинов камакка алынган.
  • 11-август — Либертадорес кубогунун финалы. Мексикалык «Гвадалахара» өзүнүн талаасында бразилиялык «Интернасьоналга» 1:2 эсебинде жеңилип калган.
  • 14-августСингапурда биринчи Жайкы улан-кыздар арасында Олимпиадалык оюндар ачылган.
  • 15-август — Түштүк Кореянын президенти Ли Мён Бак Түндүк Корея (КЭДР) менен биригүү планын сунуштаган.
  • 19-август — АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирактан эң акыркы аскердик бригаданын чыгып кеткендиги тууралуу маалымдаган.
  • 23-августМанила шаарында отставкадагы полиция кызматкери автобусту барымтага алган жана 7 адамды өлтүргөн. Штурм учурунда ал жок кылынган.
  • 24-август — Лас-Вегаста өткөн Дүйнө Сулуусу конкурсунда мексикалык Химена Наваррете уткан.
  • 25-август — Соломонн аралдарынын премьер-министри болуп Дэнни Филип дайындалган.
  • 26-август — АКШнын мурдагы президенти Джимми Картер Түндүк Кореяда соттолгон америкалыкты азаттыкка чыгарган.
  • 28-август — Мадагаскардын мурдагы президенти 2009-жылдын март айында болгон тынчтык митингинин катышуучуларына ок аткандыгы үчүн өмүр бою сүргүндүк жумушка сыртынан кескен.
  • 31-август — АКШнын президенти Барак Обама официалдуу түрдө Иракта көп жылдан бери жүргүзүлгөн аскердик операцияларын токтоткон.

Сентябрьтүзөтүү

  • 1-сентябрь — Азербайжандын борбору болгон Баку шаарында рекорддук бийиктик - 162 метрге өлкөнүн туусу көтөрүлгөн. Желектин өлчөмү туурасы 35, узуну 70 метр келген, жалпы аянты 2450 кв.м. жана салмагы 350 кг. түзгөн.
  • 3-сентябрь — Япониянын өкмөтү Иранга каршы санкциялардын топтомун кабыл алышкан.
  • 6-сентябрь — Францияда 2,5 миллион адам катышкан бүткүл улуттук элдик котөрүлүш башталган. Бул көтөрүлүштүн себеби — өкмөтүн пенсиялык уракты узартканы болгон.
  • 9-сентябрь — Орусиянын Владикавказ шаарынын Борбордук базарында бомба жарылган. 18 адам каза болуп, 202 адам жарадар болушкан.
  • 10-сентябрь — Рейноза шаарынын (Мексика) түрмөсүнөн 85 адам качып кеткен.
  • 13-сентябрь — Испандык Рафаэль Надаль сербиялык теннисчи Новак Джоковичти АКШнын Ачык чемпионатынын финалында утуп алып, тарыхта «Чоң шлемдин» бардык төрт турнирин уткан жетинчи теннис оюнчусу болуп калды.
  • 18-сентябрь — Казакстан биринчи жолу Дэвис Кубогунун дүйнөлүк тобуна өттү.
  • 19-сентябрь — Тажикистандын чыгышында болгон өкмөттүк аскерлер колоннасына куралдуу чабуул болуп, 40тай жоокер каза болуп, 10 аскер кызматкери жаракат алышкан.
  • 24-сентябрь — АКШнын федералдык соту пакистандык окумуштуу Аафия Сиддиканы 86 жылга эркинен ажыратты.
  • 27-сентябрь — Косовонун президенти Фатмир Сейдиу өз кызматынан кеткен.

Октябрьтүзөтүү

  • 1-октябрь — Украинанын Конституциялык соту 2004-жылы жүргүзүлгөн конституциялык реформаны мыйзамсыз деп таап, Украина кайра президенттик-парламенттик башкаруу формасын тандап алган.
  • 3-октябрь — Себастьян Лёб жетинчи жолу ралли боюнча Дүйнө чемпиону аталды.
  • 4-октябрь — Стокгольмдо Нобель сыйлыгын жумалыгы башталган. Мында дүйнөлүк илим-билим, техника, медицина ж.б. тармактар боюнча эң мыкты ойлоп табуулар үчүн берилет.
  • 6-октябрьЭфиопия өкмөтү өлкөнүн эң алдыңкы оппозиция лидерлеринин бири, 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыраган Биртукан Мидексуну бошотушкан.
  • 10-октябрь — Кыргызстанда парламенттик шайлоолор болуп өтүп, беш пайыздык барьерден 5 партия өткөн, бирок бирөөсү да көпчүлүктүн добушун алышкан эмес. Эң көп добуш алган — «Ата-Журт» партиясы болгон.

Ноябрьтүзөтүү

Индонезиядагы Мерапи жанар тоосунун атылышы, 6-ноябрь, 2010-жыл
  • 9-ноябрьИорданияда парламенттик шайлоолор өттү.
  • 1112-ноябрь күндөрү — 5-чи Жыйырмалыктын саммити өткөн (Сеул, Түштүк Корея).
  • 12-ноябрь — Гуанчжоу шаарында 16-чы Азия оюндарынын ачылыш аземи болуп өткөн.
  • 1920-ноябрь күндөрү — НАТОнун кезектеги саммити, Лиссабон шаарында (Португалия).
  • 20-ноябрь — Минскте (Белоруссия) Балдар Еврокөрүнүү 2010 ыр сынагы өтүп, жеңишти армениялык Владимир Арзуманян илип кеткен.
  • 22-ноябрь — Камбоджанын борборунда, Пномпень шаарындагы суу фестивалында элдер бирин-бири басып калып, натыйжада 375 адам каза болуп, 750ү жарадар болушкан.
  • 23-ноябрьТүндүк жана Түштүк Корея өлкөлөрү ортосунда куралдуу кагылышуулар болгон.
  • 26-ноябрь — Рио-де-Жанейронун полициясы «Вила-Крузейру» фавеласын колуна алган. Бир күн мурун бул жерде атайын танктар жана бронемашиналарды колдонуу менен операция жүргөн.
  • 29-ноябрь:
    • Индонезияда Бромо вулканы атылып чыккан; асманга көтөрүлгөн түтүндүн айынан Маланга шаарынын аэропорту жабылган.
    • Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Ирландияга жалпы сумасы 85 миллиард еврону түзгөн жардам көрсөтүү тууралуу макулдашышты.

Декабрьтүзөтүү

  • 1—2-декабрь — Астанада ЕККУ(англ. OSCE, орус. ОБСЕ) кезектеги саммити өткөн.
  • 2-декабрь — Цюрих шаарында (Швейцария) футбол боюнча Дүйнө чемпионатын 2018-жылы жана 2022-жылы өткөрчү өлкөлөрдү атаган, алар: Орусия жана Катар.
Цюрихте өткөн салтанатта Орусиянын өкүлдөрү шайлоодон кийин
  • 8-декабрь — Чилинин Сантьяго шаарындагы түрмөдөн өрт чыгып, 81 адам каза болгон.
  • 10-декабрь — Норвегиянын борбору Осло шаарында Нобель сыйлыгынын тапшыруу аземи болуп өткөн.
  • 12-декабрь — Косоводо парламенттик шайлоолор болуп, премьер-министр Хашим Тачи башында турган Демократтар партиясы жеңишке жетишкен.
  • 14-декабрь — Италияда студенттердин өлкө башчысы Сильвио Берлусконинин жүргүзгөн саясатына каршы демонстрациялар өткөн.
  • 16-декабрь — Украинанын Жогорку Радасында депутаттар мушташа кетишип, 3 адам ооруканага жеткирилген.
  • 19-декабрь — Беларусияда президенттик шайлоолордо 79,67 % добуш алып, өлкөнүн мурдагы президенти Александр Лукашенко кайра шайланган.
  • 29-декабрь — Черногориянын парламенти Игорь Лукшичти өлкө башчылык кызматына бекитти.
  • 31-декабрьАлександрия шаарынын копттор чиркөөсүндө болгон жардыруудан 21 адам каза болгон.

Илимтүзөтүү

Ошондой эле караңыз: 2010-жыл илимде

Спорттүзөтүү

Ошондой эле караңыз: 2010-жыл спортто

Жыл адамытүзөтүү

Time журналынын версиясы боюнча жыл адамы — Марк Цукерберг, АКШFacebook социалдык желесинин негиздөөчүсү.

Каза болгондортүзөтүү

Ошондой эле караңыз: 2010 жылы каза болгондордун тизмеси

Январьтүзөтүү

Февральтүзөтүү

Марттүзөтүү

Апрельтүзөтүү

Майтүзөтүү

Июньтүзөтүү

Июльтүзөтүү

Августтүзөтүү

Сентябрьтүзөтүү

Октябрьтүзөтүү

Ноябрьтүзөтүү

Декабрьтүзөтүү

Нобель сыйлыгытүзөтүү

  • Физика боюнча — Андрей Гейм жана Константин Новосёлов, Манчестер университети, «Эки ченемдүү графен материалы менен жасалган зор эксперименттери үчүн» алышкан.
  • Физиология жана медицина боюнчабритандык физиолог Роберт Эдвардс «Экстракорпоралдык уруктандыруу технологиясын ачкандыгы жана аны өнүктүргөндүгү үчүн» алган.
  • Химия боюнча — Ричард Хек (АКШ), Эйити Нэгиси жана Акире Судзуки (экөө тең Япония) «Биздин жашообузду жеңилдете турган оор молекулаларды кураштыруу максатында көмүртек атомдорунун кошулуунун жаңы ыкмасын ачкандыгы үчүн» алышкан.
  • Адабият боюнча — Марио Варгас Льоса (Перу), «Бийлик структураларын ийне-жибине чейин изилдөө жана көтөрүлүшкө чыккан, күрөшкөн жана женилген адам тууралуу мыкты сүрөттөөсү үчүн» алган.
  • Тынчтык боюнчаКытай укук коргоочусу — Лю Сяобого «Кытайдагы негизги адам укуктары үчүн узакка созулган зордуксуз күрөшү үчүн» берилген.
  • Экономика боюнча — Питер Даймонд жана Дэйл Мортенсен (экөө тең АКШ), жана Кристофер Писсаридес (Кипр) «Издөө моделдери менен базар абалын изилдөөсү үчүн» алышкан.

Дагы караңызтүзөтүү

Шилтемелертүзөтүү

Эскертүүлөртүзөтүү

🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуАлыкул ОсмоновМанасКыргызстанМодуль:ArgumentsЖарамазанАтайын:SearchКыргыз тилинин жазуу эрежелериТалас облусуПедагогикаЖыл сүрүү жадыбалыФонетикаСөз айкашыКыргызстандын чек араларыБилим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптериЖамийла (повесть)Сын атоочФилософияСынган кылычМанастын туулганыКыргызстандын туусуФразеологизмМакал лакапАйлардын кыргызча аталышыЖусуп БаласагынКыргыз элинин калыптанышыТүрк кагандыгыЭтишСөз түркүмүКыргыз адабиятыЗат атоочПсихологияСөөк системасыҮндүү тыбыштарСак уруусуКыргызстандын географиясыМорфологияМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кылым карытар бир күнАалы ТокомбаевУлуу Кыргыз ДөөлөтүКокон хандыгыКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковТаш дооруАк кеме (чыгарма)Кыргыз урууларыКаада-салтЭкологияКош бойлуулукКызамыкКасым ТыныстановСинтаксисКытайКараханийлер мамлекетиТоктогул СатылгановЖерЧүй облусуБарсбек каганСүйүнбай ЭралиевНоорузҮнсүз тыбыштарБоз үйЭмгекАлмамбетЭнесай кыргыздарыМолдо КылычКургак учукСан атоочСаякбай КаралаевТактоочЫсык-КөлАт атоочОмонимИлимКаада- салттар,ырым-жырымдарОрозбак уулу СагымбайБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыУзакбай АбдукаимовИсламҮркүнКыргызстандагы таш дооруБарпы АлыкуловЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКараханийлер кагандыгыИндонезияОрусияКурманжан ДаткаСырдык сөзСоциологияИшеналы АрабаевМээЖалал-Абад облусуБайыркы кыргыздарЭкономикаКыргыз улуттук оюндары