Руанда

Руанда (Rwanda), Руанда Республикасы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Уганда, чыгышынан Танзания, түштүгүнөн Бурунди, батышынан Конго Демократиялык Республикасы менен чектешет. Аянты 26,4 миң км2. Калкы 10,0 млн (2010). Борбору – Кигали шаары (провинция статусуна ээ). Административдик-аймактык жактан 5 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – руанда франкы.Бириккен Улуттар Уюмунун (1962), Эл аралык Валюта фондунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЮНЕСКОнун (1962), Африка биримдиги уюмунун (1963) ж. б. уюмдардын мүчөсү.Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):

Мамлекеттик түзүлүшүтүзөтүү

Руанда – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-ж. 5-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу (Сенат, Депутаттар палатасы) парламент. Руандада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары – Руанда патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Либералдык партия ж. б.

Табиятытүзөтүү

Өлкөнүн аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Чыгыш Африка бөксө тоосу (бийиктиги 1500–2000 м) ээлейт. Четки түндүк-чыгышында жанар тоолуу Вурунга тоосу жатат. Эң бийик жери Карисимби чокусу (бийиктиги 4510 м). Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 19–21°С. Жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм. Кургакчылык болбойт. Башкы дарыясы – Кагера (Нилдин башаты). Көлү – Киву (кеме жүрөт). Саванна, Вирунга тоосунда дайыма жашыл, нымдуу токой өсөт. Кагера, Вирунга улуттук парктары уюштурулган.

Калкытүзөтүү

Элинин негизин руандалар түзөт. Расмий тилдери – киньяруанда (руанда), француз, англис тилдери. Дини – католицизм, ошондой эле протестанттар да бар. Калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 38 жаш, аялдардыкы – 40. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 48,5), өлүм-житим орточо (1000ге 21,8), балдардын өлүмү өтө жогору (1000ге 138,1). Шаар калкы 18% . Ири шаарлары: Кигали, By-Tape, Рухенгери.

Тарыхытүзөтүү

Руанданын жергиликтүү калкы – пигмейлер (тва) аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. Орто кылымдарда Руанда аймагына түштүктөн банту тилинде сүйлөгөн уруулар (хуту) келип, пигмейлерди каратып, жерлерин ээлеп, жергиликтүү калкты чытырман токойлорго сүргөн. 16-кылымда түндүктөн келе баштаган. нилот уруулары (тутси) хутуларга жана пигмейлерге үстөмдүк кылган. 19-кылымда Руанда аймагында жергиликтүү уруулардан борбордошкон королдук мамлекет түзүлгөн. 1890-ж. Руанда аймагы Германия протекторатына өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–18) бельгиялык аскерлер басып алган (1916). 1918-ж. Улуттар лигасынын чечими боюнча Руанда Бельгиянын протектораты, согуштан кийин Бурунди менен бириктирилип, Бельгиянын Руанда-Урунди мандаттык, 1946-ж. опекалык аймагына айланган. 1950-жылдары улуттук-боштондук кыймылдар күч алган. 1960-ж. Руандада монархия кулап, 1961-ж. 28-январда Руанда республикасы түзүлгөн. 1962-ж. 1-июлда Руанданын көз карандысыздыгы жарыяланган. 2000-ж. апрелде өлкөдө алгачкы жолу президенттик шайлоо өткөрүлүп, президенттикке Поль Кагаме шайланган. 2010-ж. сентябрда экинчи жолку президенттик шайлоодо жеңишке ээ болуп, 7 жылдык мөөнөткө калтырылды.

Чарбасытүзөтүү

Руанда – дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 10,13 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы айыл-чарбасынын үлүшү (% менен) 42,6, тейлөө чөйрөсүнүкү 35,2, өнөр-жайдыкы 22,2. Экономикасынын негизин айыл-чарба түзөт (анда эмгекке жарамдуу калктын 9/10у эмгектенет). Кофе, чай өстүрүлүп, пахта, тамеки жана пиретрум (татымал) айдалат. Жайыт мал чарбачылыгы өнүккөн. Азыраак түстүү металл казылып алынат. 2007-ж. 120 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл-чарба азыктары кайрадан иштетилет. Автомобиль жолунун узундугу 14 миң км (анын 20% и гана асфальтталган). Киву дарыясында кеме жүрөт. Сыртка кофе, чай, малдын териси жана калай чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Кения, Уганда, Бельгия, Кытай, Германия.

Колдонулган адабияттартүзөтүү

🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуАлыкул ОсмоновМанасКыргызстанМодуль:ArgumentsЖарамазанАтайын:SearchКыргыз тилинин жазуу эрежелериТалас облусуПедагогикаЖыл сүрүү жадыбалыФонетикаСөз айкашыКыргызстандын чек араларыБилим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптериЖамийла (повесть)Сын атоочФилософияСынган кылычМанастын туулганыКыргызстандын туусуФразеологизмМакал лакапАйлардын кыргызча аталышыЖусуп БаласагынКыргыз элинин калыптанышыТүрк кагандыгыЭтишСөз түркүмүКыргыз адабиятыЗат атоочПсихологияСөөк системасыҮндүү тыбыштарСак уруусуКыргызстандын географиясыМорфологияМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кылым карытар бир күнАалы ТокомбаевУлуу Кыргыз ДөөлөтүКокон хандыгыКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковТаш дооруАк кеме (чыгарма)Кыргыз урууларыКаада-салтЭкологияКош бойлуулукКызамыкКасым ТыныстановСинтаксисКытайКараханийлер мамлекетиТоктогул СатылгановЖерЧүй облусуБарсбек каганСүйүнбай ЭралиевНоорузҮнсүз тыбыштарБоз үйЭмгекАлмамбетЭнесай кыргыздарыМолдо КылычКургак учукСан атоочСаякбай КаралаевТактоочЫсык-КөлАт атоочОмонимИлимКаада- салттар,ырым-жырымдарОрозбак уулу СагымбайБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыУзакбай АбдукаимовИсламҮркүнКыргызстандагы таш дооруБарпы АлыкуловЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКараханийлер кагандыгыИндонезияОрусияКурманжан ДаткаСырдык сөзСоциологияИшеналы АрабаевМээЖалал-Абад облусуБайыркы кыргыздарЭкономикаКыргыз улуттук оюндары