Вики

Вики ...

Тарыхытүзөтүү

Сайтты сүрөттөөдө, эң биринчи жолу «уики» термини 1995-жылы, "Портленддик үлгүлөр сактоочусунун"[1] негизи болуп 1995-жылдын 25 мартта түзүлгөн WikiWikiWeb аттуу эң биринчи уики-системинин түзүүчүсү Уорд Каннингем тарабынан колдонулган. Бул сөз гавай тилинен алынган, «тез» дегенди түшүндүрөт.[2][3]Каннингем биринчи башында "иштеши мүмкүн болгон эң жөнөкөй он-лайн берилимдер базасы" деп сүрөттөгөн.[4]Кийинчерээк, бул сөзгө тийиштүү кийинки англис бэкронимин ойлоп табышкан: What I Know Is….[5]

Вики концепциясынын маңызытүзөтүү

Уорд Каннингем жана анын Бо Леуф аттуу авторлошу, биргелешип жазган The Wiki Way: Quick Collaboration on the Web деген китебинде Вики концепциясын кийинкидей сүрөттөшкөн:

  • Вики, Вики-сайтта, кошумча кеңейтимдери жок эле кадимки веб-браузердин жардамы менен каалаган бетти оңдоого же жаратууга бардык колдонуучуларга мүмкүнчүлүк берет.
  • Вики ар кандай беттер ортосунда, интуитивдик жол менен эле шилтемелерди колдонуп байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, жана ошол беттер бар же жок экенин көрсөтөт.
  • Вики кокусунан кирип калган колдонуучулар үчүн жакшылап түзүлгөн сайт эмес. Вики, тескерисинче кирүүчүлөрдү, сайттын түзүлүш-көрүнүшүн такай кубулжутуп турган үзгүлтүксүз жаратуу процессине катышууга чакырат.

Негизги касиеттеритүзөтүү

Викинин кийинкидей касиеттери бар:

  • Текстти бир нече ирет оңдоо мүмкүнчүлүгү. Бул касиет вики-чөйрө (сайт) тарабынан камсыз кылынат, редактор тарабына эч кандай кошумча талаптар койулбайт.
    • Викинин вики-белгилөө деп аталган өзгөчө белгилөө тили бар. Ал, текст арасында түзүлүштүк элементтерди жана шилтемелерди тез эле белгилегенге, кээ бир элементтерди оңдоого жана тескөөгө жардам берет.
    • Викинин беттерди нускалоо тутуму бар. Ал оңдоолор арасындагы өзгөрүүлөрдү байкоого, жана мурунку нускага кайтууга жардам берет.
  • Киргизилген өзгөрүүлөрдүн дароо көрүнүшү.
  • Тексттин мазмунун аталыштар энчиленген беттерге бөлүү мүмкүнчүлүгү.
    • Шилтемелөө мүмкүнчүлүгү: сайттын беттери жана уул бөлүмдөрү контексттик шилтемелер аркылуу байланышат.
  • Авторлоштук. Кээ бир вики макалаларды сайттын бардык кирүүчүлөрү оңдой алат.

Техникалык негизитүзөтүү

Вики-текстти MediaWikiде оңдоо.

Вики-чөйрө түзүү үчүн атайын ПӨ керек болот — вики-кыймылдаткыч. Бул сайтты башкаруу тутумунун өзгөчө түрү — түзүлүшү жана фунционалдуулугу жагынан абдан жөнөкөй, анткени аны түзүлүштүрүүнү жана анын мазмунун иштетип чыгууну колдонуучу "кол түрүндө" аткарат.Википедия жана Викимедиа фондунун башка долбоорлору MediaWiki кыймылдаткычында куралган.

Өзгөчөлүктөрүтүзөтүү

Вики тилиндеги вики-беттерди байланыштыруучу шилтемелери HTML дегиге караганда көрсөтмөлүүрөөк жана коопсуздуураак, анткени JavaScript жана Катарланган Стилдер Жадыбалы чектелген түрдө колдонулат.

Вандализмтүзөтүү

Кээ бир викилерди ар бир каалоочу, катталбаган колдонуучу болсо деле, өзгөртө алат. Бейбаштар ар кандай үйлөрдүн дубалдарын, дарбазаларын граффитилеп кеткен сыяктуу, уики-макалаларын да атайылап бузуп, орунсуз маалымат жазган учурлар да болот. Бирок, бактыга жараша, үйлөрдүн дубалдарынан, дарбазаларынан айрымаланып, Википедияда макаланын мурунку нускасын кайтарып алса болот: бузгандан оңдогон оңой. Болбой эле баратса, бир нече жолу бейбаштык кылган колдонуучуга макалаларды өзгөртүүгө тыйуу салып койсо болот: IP-дарегин же колдонуучу атын кара тизмеге киргизип койсо болот.

Шилтемелертүзөтүү

  1. Portland Pattern Repository
  2. Correspondence on the Etymology of Wiki, Ward Cunningham, c2.com Калып:Текшерилген
  3. Hawaiian words; hawaiian to english, mauimapp.com Калып:Текшерилген
  4. Ward Cunningham’s original description of Wiki. Текшерилген күнү 2 Апрель 2011. Түп булактан архивделген күнү 16 Апрель 2008.
  5. The wiki principle, The Economist Калып:Текшерилген

Кошумча караңызтүзөтүү

  • Кыргыз тилиндеги вики-сайттар
  • Семантикалык вики
  • Вики-хостинг
  • Вики-кыймылдаткыч
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуАлыкул ОсмоновМанасКыргызстанМодуль:ArgumentsЖарамазанАтайын:SearchКыргыз тилинин жазуу эрежелериТалас облусуПедагогикаЖыл сүрүү жадыбалыФонетикаСөз айкашыКыргызстандын чек араларыБилим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптериЖамийла (повесть)Сын атоочФилософияСынган кылычМанастын туулганыКыргызстандын туусуФразеологизмМакал лакапАйлардын кыргызча аталышыЖусуп БаласагынКыргыз элинин калыптанышыТүрк кагандыгыЭтишСөз түркүмүКыргыз адабиятыЗат атоочПсихологияСөөк системасыҮндүү тыбыштарСак уруусуКыргызстандын географиясыМорфологияМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кылым карытар бир күнАалы ТокомбаевУлуу Кыргыз ДөөлөтүКокон хандыгыКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковТаш дооруАк кеме (чыгарма)Кыргыз урууларыКаада-салтЭкологияКош бойлуулукКызамыкКасым ТыныстановСинтаксисКытайКараханийлер мамлекетиТоктогул СатылгановЖерЧүй облусуБарсбек каганСүйүнбай ЭралиевНоорузҮнсүз тыбыштарБоз үйЭмгекАлмамбетЭнесай кыргыздарыМолдо КылычКургак учукСан атоочСаякбай КаралаевТактоочЫсык-КөлАт атоочОмонимИлимКаада- салттар,ырым-жырымдарОрозбак уулу СагымбайБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыУзакбай АбдукаимовИсламҮркүнКыргызстандагы таш дооруБарпы АлыкуловЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКараханийлер кагандыгыИндонезияОрусияКурманжан ДаткаСырдык сөзСоциологияИшеналы АрабаевМээЖалал-Абад облусуБайыркы кыргыздарЭкономикаКыргыз улуттук оюндары